Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Аскер кызматчыларынын зыяндын ордун толтуруусу
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу зыян келтирген аскер кызматчысынын акчалай акысын кармоо жолу менен аскердик бөлүктүн командиринин (зардалдын) буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан келтирилген зыян- дын орду толтурулсун деген буйрук баш ийүү тартибинде жогору турган ас- кердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан чыгарылат. Ушул берененин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда аскер кызматчысынын 200 эсептик көрсөткүчтөн ашык өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу маселеси аскердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) доосу боюнча сот тарабынан чечилет. Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алуу доосу баш ийүү тартибинде жогору турган командир (зардал) тарабынан коюлат.
2. Аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (зардалынын) зыяндын
орду толтурулсун деген буйругу кызматтык териштирүү аяктаган же соттун чечими же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн материалдары келип түш- көн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө чыгарылып, аскер кызматчысына кол койдуруп билдирилиши керек. Зыяндын орду толтурулсун деген буйрук он күндүк мөөнөттө чыгарыл- баса, аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу тууралу масе- ле аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (зардалынын) доосу боюнча сот тарабынан чечилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары аскер кызматын өтөп
жаткан аскер кызматчылары келтирилген зыяндын ордун өздөрү жүргөн өлкө- нүн валютасында толтурат. Келтирилген зыяндын ордун өздөрү жүргөн өлкө- нүн валютасында толтуруу мүмкүн болбогон учурда (анын ичинде аскер кыз- матчысы Кыргыз Республикасынын аймагына кетип калса) зыяндын орду зыян келтирилген күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белги- ленген валютанын расмий курсу боюнча эсептелип сом менен толтурулат.
4. Аскердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) зыяндын орду толту-
рулсун деген буйругу аскер кызматчысы тарабынан жогору турган командир- ге (зардалга) жана (же) сотко даттанылышы мүмкүн. Зыяндын орду толту- рулсун деген буйрук тууралу даттануу аскер кызматчысынын акчалай акысы- нан акча каражатын кармоону токтотпойт. Зыяндын орду толтурулсун деген буйрук жокко чыгарылган учурда кармалган акча каражаты аскер кызматчы- сына кайра берилет.
5. Зыяндын орду аскер кызматчысы зыян келтирген аракети (аракет-
сиздиги) үчүн тартиптик, администрациялык же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганына карабастан толтурулат.
6. Аскер кызматчысы келтирилген зыяндын ордун акчалай формада же
натуралай түрдө ыктыярдуу түрдө толтура алат.
7. Аскер кызматчысынын акчалай айлык акысынан соттун чечими боюнча
кармоо сот тарабынан берилген аткаруу барагынын негизинде жүргүзүлөт.
8. Келтирилген зыяндын өлчөмү менен аскер кызматчысынын акчалай
айлык акысынан кармоонун соттун чечиминде аныкталган өлчөмүнүн ортосун- дагы айырма аскердик бөлүктүн командирине (зардалына) берилген укуктар- дын чегинде анын чечими менен эсептен чыгарылат.
9. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 мая 2009 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О материальной ответственности военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аракети (аракет-
сиздиги) үчүн тартиптик, администрациялык же алынып салынды: кылмыш-жазык жоопкерчили-
гине кошулду: кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганына карабастан толтурулат.
6. Аскер кызматчысы келтирилген … укуктар-
дын чегинде анын чечими менен эсептен чыгарылат.
9. алынып салынды: Келтирилген материалдык зыяндын орду толугу менен толтурулган
учурда прокуратура, тергөө органдары же сот тарабынан аскер кызматчысын
(аскердик жыйындарга чакырылган жаранды) жазык жоопкерчилигинен бошотуу
чечими чыгарылышы мүмкүн.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № алынып салынды: 163 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202271/st-8" title="8-берене - Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>