Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзам
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 19-майы № 163
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
1-бөлүктөгү "бир айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "20 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "үч айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "150 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 6-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 8-берененин 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "Бир айлык акыдан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "бир айлык акысынан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алып салынсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн улам келип чыккан мамилелерге өзүнүн аракетин жайылтат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндөЗакон · 19.04.2008 · № 60
Шилтеме берет (1)
- Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндөЗакон · 19.04.2008 · № 60