5-берене
Күчүн жоготкон · 01.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21.
Эл жана турак жай фондун каттоо учурунда эсепке алуунун негизги бирдиктери: Адам - Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган жарандыгы жок адам, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу болбогон Кыргыз Республикасынын жараны. Үй чарбасы - турак жайда чогуу жашаган жана өз каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирүү жана чыгымдоо менен орток чарба жүргүзүп, өздөрүн тиричиликке зарыл бардык нерселер менен камсыз кылган адамдар же адамдар тобу жүргүзүүчү иш. Бул адамдар никелик-үй-бүлөлүк, бир туугандык мамиледеги байланышта же болбосо мындай мамилелерсиз байланышта болушу мүмкүн. Үй-бүлө - никеге же тууганчылыкка негизделген же чогуу жашагандыгына, турмуш-тиричилигинин жана өз ара жоопкерчилигинин жалпылыгына байланыштуу адамдардын бирикмеси. Турак жай - бир же андан ашуун адамдын өзүнчө бөлүнгөн, обочолонгон демейки жашаган орду. Турак жай же турак жай бирдиги, же адамдар чогуу жашоочу башпаана болушу мүмкүн. Турак жай бирдиги - бир үй чарбасынын жашоо үчүн арналган же арналбаган, бирок үй чарбасы же турак жай фондун каттоо учурунда үй чарбасы тарабынан демейки тиричилик үчүн пайдаланылган өзүнчө үй чарбасынын обочолонгон жана көз карандысыз тиричилик өткөрчү (турак үй же квартира, бөлмө) жери.
Берененин тексти 01.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202270/st-5" title="5-берене - Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>