4-берене
Күчүн жоготкон · 01.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 января 2014 года № 23
Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоону даярдоо, жүргүзүү, анын жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгуу жана жарыялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын аймактык статистикалык бөлүмдөрү же алардын укук мураскорлору болуп саналат. Эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүдө статистикалык органдар төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
- эл каттоо программаларынын объективдүүлүгүн, илимий жактан негиздүүлүгүн, алардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерине ылайык келишин;
- эл жана турак жай фондун каттоонун материалдарын иштеп чыгуунун жыйынды маалыматтарынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн;
- баштапкы материалдардын купуялыгын.
Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, алынган алгачкы маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу, эл каттоонун жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана таркатуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик статистика органдарынын түзүмүн өзгөртүү жана мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү каралат. (КР 2014-жылдын 30-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202270/st-4" title="4-берене - Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>