1-берене
Күчүн жоготкон · 01.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 января 2014 года № 23
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: калкка тандама социалдык-демографиялык изилдөө жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын калкынын курамын, эл жана турак жай фондун каттоодо чогултуу максатка ылайык келбеген социалдык жана демографиялык процесстерди изилдөө үчүн анын бөлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча иш-чаралар; турак жай фонду - менчигинин түрүнө карабастан бардык турак жайлардын жыйындысы, анын ичинде турак үйлөр, атайын үйлөр (жатаканалар, жалгыз бой жана улгайган адамдар үчүн атайын үйлөр, балдар үйлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу турушу үчүн үй-интернаттар, мектеп алдындагы интернаттар жана мектеп-интернаттар), квартиралар, кызматтык турак жайлар жана башка имараттардагы жашоого жарактуу башка турак жайлар; турак жай фондун каттоо - турак жай фондунун мүнөздөмөлөрүнүн тандалган топтому боюнча маалымат чогултуу менен катар эле үзгүлтүксүз убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жай фондунун бардык бирдиктерин расмий эсепке алууга (же контролдоп баалоого) мүмкүнчүлүк берүүчү иш-чара; эл жана турак жай фондун каттоо - бир эле каттоо процессинин алкагында эл жана турак жай фонду жөнүндө бир учурда маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүүчү иш-чара; эл каттоо - калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык мүнөздөмөлөрүн чогултуу боюнча маалымат алуу менен катар эле үзгүлтүксүз убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жашоочу элдин санын расмий эсепке алууга (же контролдоп текшерүүгө) мүмкүнчүлүк берүүчү иш-чара. (КР 2014-жылдын 30-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 355 "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.06.2013 · № 355 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202270/st-1" title="1-берене - Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>