6-статья. Жеке маалыматтардын укуктук режими
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 июля 2022 года № 61
1. Кармоочунун (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат.
2. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана аларды капысынан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготуп жиберүүгө жол берилбеши үчүн жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жеке маалыматтардын купуялуулук (жашырындык) режими төмөнкү учурларда алынат:
- жеке маалыматтар ээсиздендирилгенде;
- жеке маалымат субъектинин каалоосу боюнча.
4. Укук коргоо органдардын аракетинин натыйжасында алынган жеке маалыматтардын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
41. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жеке маалыматтар менен иштөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими (библиографиялык маалымдамалар, телефон жана дарек китептери, жеке кулактандыруулар ж.б.) белгилениши мүмкүн. Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин-суутпай иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.
6. Жеке маалыматтардын субъекти каза болгонун мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "каза болгон" деген статус берилет. Каза болгон субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.
7. Каза болгон адамдын жеке маалыматтарын коргоо башка адамдар тарабынан, анын ичинде мураскорлору тарабынан да Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 июля 2022 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"Редакцияларды салыштыруу
12.07.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алынган жеке маалыматтардын укуктук режими Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарына ылайык кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
алынып салынды: 4-1. кошулду: 41. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү … анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими алынып салынды: белгилениши мүмкүн (библиографиялык маалымдамалар, телефон алынып салынды: китептери, кошулду: жана дарек китептери, жеке алынып салынды: кулактандыруу ж.б.). кошулду: кулактандыруулар ж.б.) белгилениши мүмкүн. Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарына ылайык кошулду: электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин-суутпай иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.
6. Жеке алынып салынды: маалымат субъектинин кошулду: маалыматтардын субъекти каза алынып салынды: тапкан кошулду: болгонун мамлекеттик каттоо учурунан тартып кошулду: адамга "каза болгон" деген статус берилет. Каза болгон субъекттин жеке алынып салынды: маалыматтардын укуктук режими архивдик сактоо режимине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка бир укуктук режимге алмаштырууга туура келет.
кошулду: маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.
7. Каза болгон адамдын жеке маалыматтарын коргоо башка адамдар тарабынан, анын ичинде мураскорлору тарабынан да Кыргыз Республикасынын кошулду: жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № алынып салынды: 142 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 142, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202269/st-6" title="6-статья - Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>