8-берене. Судьялар кеңешин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Берене күчүн жоготкон.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2016 года № 89
1. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат.
2. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат.
3. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.
Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар судьялар чогулушу тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет. Талапкерлердин курамына жергиликтүү соттордун судьялары менен катар Жогорку соттун үчтөн ашпаган судьясы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын бир судьясы киргизилиши мүмкүн. Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин ишинин жолун жолдоочулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алат.
4. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырылат.
5. Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто - Төраганын орун басары жүзөгө ашырат. Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.
6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.
7. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.
10. Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2016 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "Редакцияларды салыштыруу
25.06.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.
6. кошулду: Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын кошулду: жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана алынып салынды: алардын кошулду: төрагаларынын орун алынып салынды: басарлары Судьялар кеңешине кошулду: басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.
7. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына … боюнча тагылган милдеттери азаят.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № алынып салынды: 38 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 13.06.2011 · № 38 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202245/st-8" title="8-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>