Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 139 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 25-июну № 89 "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.";
2) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү - жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;
- судьялардын тартиптик жоопкерчилигин оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмегин белгилейт;
- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жарандык коомдон мүчөлөрүн шайлоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин аныктайт;
- судьяны сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин жана тартибин аныктайт.";
3) 101-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн тиешелүү соттун судьясынын жана отставкадагы судьянын талапкерлигин сунуш кылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.03.2008 · № 35 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139