1-статья
Күчүн жоготкон · 17.10.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2008 года № 231.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 77-80-бөлүктөр менен толукталсын:
"77. "Трафик" - электр байланыштар тармагы боюнча берилүүчү билдирүүлөр жыйындысы:
78. "Роуминг" - көчмө байланыш оператору абонентке көрсөтүүчү көчмө байланыш кызматы, бул кызмат менен Кыргызстандын ичинде да, анын чегинен тышкары да анын аракеттенүү зонасынан көчмө байланыштын башка операторунун аракеттенүү зонасына которууда келишимдик мамиле болот;
79. "Тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)" - бир кызмат көрсөтүүчүнүн абонентине башка кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттери менен байланыш кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү же башка кызмат көрсөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кызматка жетүү үчүн бериле турган электр байланыш тармактарынын физикалык жана логикалык биригүүсү;
80. "Транзиттик трафик" - эгерде электр байланышынын булактары жана алуучулары башка электр байланыш тармагынын пайдалануучусу болуп саналса электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик".
2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-2-статья менен толукталсын:
"142-2. Роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматы жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматы
Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.".
Берененин тексти 17.10.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202238/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>