Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-10-17.
2008-жылдын 19-марты № 28
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 77-80-бөлүктөр менен толукталсын:
"77. "Трафик" - электр байланыштар тармагы боюнча берилүүчү билдирүүлөр жыйындысы:
78. "Роуминг" - көчмө байланыш оператору абонентке көрсөтүүчү көчмө байланыш кызматы, бул кызмат менен Кыргызстандын ичинде да, анын чегинен тышкары да анын аракеттенүү зонасынан көчмө байланыштын башка операторунун аракеттенүү зонасына которууда келишимдик мамиле болот;
79. "Тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)" - бир кызмат көрсөтүүчүнүн абонентине башка кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттери менен байланыш кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү же башка кызмат көрсөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кызматка жетүү үчүн бериле турган электр байланыш тармактарынын физикалык жана логикалык биригүүсү;
80. "Транзиттик трафик" - эгерде электр байланышынын булактары жана алуучулары башка электр байланыш тармагынын пайдалануучусу болуп саналса электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик".
2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-2-статья менен толукталсын:
"142-2. Роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматы жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматы
Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2008 · № 270 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон