1-статья
Күчүндө · 26.02.2008 редакциясы
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 22-майы)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-
талсын:
"6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;
7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.".
2. 7-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "жарандарды" деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-
дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз
кабыл алынуу укугуна ээ.".
3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган
кайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун мањызын жана
жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-
на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-
нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-
ныша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралу
арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.".
Берененин тексти 26.02.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202226/st-1" title="1-статья - Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>