Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 26-февралы № 16
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
жана өзгөртүү киргизүү тууралу
2008-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 22-майы)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-
талсын:
"6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;
7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.".
2. 7-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "жарандарды" деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-
дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз
кабыл алынуу укугуна ээ.".
3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган
кайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун мањызын жана
жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-
на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-
нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-
ныша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралу
арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Шилтеме берет (1)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы № 149 "Арал айыл өкмөтүнүн иш регламентин, Эмгек Келишимин, кызматкерлердин иш милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2023 · № 149
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон