1-статья
Күчүндө · 13.06.2007 редакциясы
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №
11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "арбитраждык сот" деген сөздөр тийиштүү
жөндөмөдөгү "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Арбитраждык процесстик кодекс" деген сөздөр
тиешелүү жөндөмөдөгү "Жарандык процесстик кодекс" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Жогорку Арбитраждык сот" деген сөздөр тие-
шелүү жөндөмөдөгү "Жогорку сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"арбитраждык процессте" деген сөздөр "сот процессинде" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 27-19-статьяда:
3 жана 4 -пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күн
өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысы
чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толуктал-
сын:
"5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысы
мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө даттаны-
лышы мүмкүн.
6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же кассация-
лык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылы-
шы мүмкүн.".
3. 27-25-статьяда:
2-пункттун 1-пунктчасындагы "арбитраждык" деген сөз алып салынсын;
3-пункттагы "даттанууга мүмкүн эмес" деген сөздөр "даттанса болот"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 27-32-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы
өндүрүш
1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялык
инстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашы-
рылат.
2. Апелляциялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот
тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн аралы-
гында берилет.
3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот
тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн ара-
лыгында берилет.
4. Апелляциялык же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндө
апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы дат-
тануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.
5. Апелляциялык же кассациялык даттануу ал сотко келип түшкөн
күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.".
Берененин тексти 13.06.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/20221/st-1" title="1-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>