Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 13-июну № 88
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизүү тууралу
2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №
11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "арбитраждык сот" деген сөздөр тийиштүү
жөндөмөдөгү "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Арбитраждык процесстик кодекс" деген сөздөр
тиешелүү жөндөмөдөгү "Жарандык процесстик кодекс" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Жогорку Арбитраждык сот" деген сөздөр тие-
шелүү жөндөмөдөгү "Жогорку сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"арбитраждык процессте" деген сөздөр "сот процессинде" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 27-19-статьяда:
3 жана 4 -пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күн
өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысы
чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толуктал-
сын:
"5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысы
мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө даттаны-
лышы мүмкүн.
6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же кассация-
лык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылы-
шы мүмкүн.".
3. 27-25-статьяда:
2-пункттун 1-пунктчасындагы "арбитраждык" деген сөз алып салынсын;
3-пункттагы "даттанууга мүмкүн эмес" деген сөздөр "даттанса болот"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 27-32-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы
өндүрүш
1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялык
инстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашы-
рылат.
2. Апелляциялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот
тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн аралы-
гында берилет.
3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот
тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн ара-
лыгында берилет.
4. Апелляциялык же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндө
апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы дат-
тануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.
5. Апелляциялык же кассациялык даттануу ал сотко келип түшкөн
күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
Шилтеме берет (2)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон