389-3-статья. Чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө
Күчүн жоготкон · 09.11.2007 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө, - бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде ошол эле аракеттер кайра кайталанганда, - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 402-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 415 жана 416-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу Иш кагаздарын, өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу, ошондой эле документтерди сактоонун белгиленген шарттары жок болгондо, - кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жана илимий - техникалык жактан иштеп чыгуу, көктөмөлөрдүн тизмелерин түзүүнү жүргүзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, - кызмат адамдарына - отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге документтерди, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди өткөрүп берүүдөн негизсиз баш тартышы, - кызмат адамдарына - эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан, мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайрадан уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архив документтерин укук мураскерине же андай жок болгондо - тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлбөгөндө, - кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык - укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн негизсиз баш тартканда, - кызмат адамдарына - эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, - кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү - кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекетке тиешелүү болгон документтерин мыйзамсыз сатып алуу - сатуу жана мыйзамга каршы дагы башка бүтүмдөр, - жарандарга - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 09.11.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
389-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202196/st-389-3" title="389-3-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>