1-статья
Күчүн жоготкон · 09.11.2007 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко- дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 389-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, - жарандарга - онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, - Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим менен же анысы жок онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жана жеке жактардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка ишти жүргүзүүнүн тартибин бузушу, - жарандарга - эскертүү же бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер кайталанып жасалганда, - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 389-1, 389-2, 389-3-статьялар менен толукталсын:
"389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, - эскертүүгө же бирден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 09.11.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202196/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>