Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
78-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө
1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө про-
токолго кол коюлгандан кийин бул жөнүндө депутаттыкка шайланган талап- керге кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер Жогорку Кењештин депу- татынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салган- дыгы жөнүндө билдирүүсүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына үч күндүк мөөнөттө берүүгө милдеттүү. Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн на- тыйжасында шайланган депутат Жогорку Кењештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө талапты үч күндүк мөөнөттө аткарбаса, анын депутаттык мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге бул тизмедеги анын кезектүүлүгүнө ылайык берилет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан
жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кењештин депутаты- нын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды алып салгандыгы жөнүндө билдирүү алынгандан кийин шайланган депутаттарды үч күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгиле- рин тапшырат.
3. Эгерде саясый партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды та-
лапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган де- путат мөөнөтүнөн мурда чыгып калса, анын мандаты Борбордук шайлоо ко- миссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги шайланган кийинки талап- керге берилет. Ушул берененин мањызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда чыгып калышы деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
а) өз ыйгарым укуктарын жыйыштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын
берүү;
б) сот аны аракетке жөндөмсүз деп табышы;
в) депутаттын кайтыш болушу;
г) аны дайынсыз жок же кайтыш болду деп жарыялоо жөнүндө соттун
чечими мыйзамдуу күчүнө кириши;
д) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кириши;
е) ал депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке
өтүшү же андай ишти таштабагандыгы;
ж) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоого
кетиши;
з) жарандыктан чыгышы, жарандыкты жоготушу же башка жарандыкка ээ
болушу;
и) бир сессиянын ичинде Жогорку Кењештин жыйналыштарында жүйөлүү
себеп болбостон 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбогондугу;
к) шайлоолор жараксыз деп табылышы;
л) ушул Кодекске ылайык депутат шайланган саясый партиядан чыккан-
да же чыгарылганда;
м) ушул Кодекске ылайык депутат шайланган саясый партия ишин ток-
тоткондо.
4. Эгерде саясый партиянын тизмесинде талапкерлер калбаса, мандат
Жогорку Кењешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.
XIII глава Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шайлоо
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-78" title="78-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>