Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
77-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдо-
рунун негизинде анда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен бирдиктүү шайлоо округдары боюнча ар бир тизме үчүн берилген шайлоочулардын до- буштарын эсептейт.
2. Талапкерлеринин тизмеси:
- бүтүндөй алганда республика боюнча шайлоочулардын тизмелерине
киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан азын;
- ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча, шайлоочулардын
тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 0,5 пайыздан азын алган саясый партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык ман- даттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылат. Талапкерлеринин тизмеси добуш берүүгө киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясый партиялар депутат- тык мандаттарды алат, алардын саны ушул берененин 3-пунктунда каралган ыкма боюнча аныкталат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесине киргизил-
ген шайлоочулардын добуштарынын беш жана андан ашык пайызын алган сая- сый партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептейт. Шайлоо- чулардын добуштарынын бул суммасы 90го - бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы болуп саналат (бир мандатты алуу үчүн квота). Андан соњ депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкер- лердин ар бир тизмесинен алынган добуштардын саны биринчи шайлоо натый- жасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк депутаттык мандаттардын саны болот, аны талапкерлердин тиешелүү тизмеси алат. Эгерде ушул пункттун экинчи бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн аракеттер- ден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды кайрадан бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи бөлүгүнө ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөк- түк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тењ болгон учурда артыкчылык шайлоочулардын көп до- бушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добушта- рынын саны тењ болгон учурда артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.
4. Саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин
ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясында каттоо учурунда белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча де-
путаттык мандаттарды саясый партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протоколду ушул Кодекстин 43-беренесинде белгиленген протоколдун сапта- рына ылайык түзөт. Протоколго кошумча түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кирген саясый партиялардын
аталыштары;
- талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фами-
лиясы, аты-жөнү.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы, эгерде бардык саясый партиялар
ушул берененин экинчи пунктуна ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштү- рүүдөн чыгарылса, бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык бардык ман- даттар бөлүштүрүлбөй калды деп табат. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайталап шайлоону дайындайт.
7. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга
маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жү- зөгө ашырат.
8. Эгерде сот шайланган талапкерлердин тизмесине киргизилген та-
лапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгар- баса, Борбордук шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыга- рылганга чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-77" title="77-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>