Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-берене. Шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же)
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
аракеттерине (аракетсиздиктерине) администрациялык тартипте даттануу
1. Жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамынын талаптарын бузган шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
2. Тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлер, саясый партиялар,
коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо ко- миссияларынын чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздиктерине) датта- нуулар менен кайрыла алышат. Даттануу жүйөлүү болуп жана ал негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш. Шайлоо комиссиясынын атынан даттануу шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет, ал комиссиянын жыйналышында кабыл алынат, ага төрага кол коет жана шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, датта- нууга тиркелет.
3. Шайлоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануулар шайлоо комиссияла-
ры тарабынан даттануу келип түшкөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө каралы- шы керек, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшсө
- дароо каралууга тийиш. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн
даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кыла турган болсо, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
4. Шайлоо комиссияларынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимде-
ри жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө жогору турган шайлоо комиссияларына даттанылышы мүмкүн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына анын жыйынтыктары чыгаргандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Шайлоонун натыйжасына анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде датта- нылдышы мүмкүн. Даттануу берүүнүн мөөнөтү узартылбайт жана кайра жањыр- тылбайт. Бул мөөнөт бүтүп калса, даттануу кабыл алынбайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимине даттануу боюнча жогору турган шайлоо комиссиясы даттануу берилген күн- дөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен чечим кабыл алууга мил- деттүү. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин келип түшкөн арыздарда жана даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү та- лап кыла турган болсо, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечик- тирилбестен кабыл алынат.
5. Даттанууларды (арыздарды) карап чыгуу учурунда, ошондой эле
шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар тууралуу маселе- лер каралган башка учурларда кызыкдар тараптар, аракеттери же (аракет- сиздиктери) даттанылып жаткан адамдар же алардын өкүлдөрү шайлоо комис- сиясынын жыйналышынын өткөрүлүүчү күнү жана орду тууралуу маалымдалат. Көрсөтүлгөн адамдар түшүнүк берүүгө жана каралып жаткан маселенин мањы- зы боюнча далилдерди берүүгө укугу бар. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга жана датта- нуунун мањызы боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Жогору турган шайлоо комиссиясына алдын-ала кайрылуу участкалык
шайлоо комиссияларынын чечимдерин даттануу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Жогору турган шайлоо комиссиянын (округдук) чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>