Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-берене. Шайлоо эркиндигин камсыз кылуу боюнча шайлоо
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
комиссияларынын, мамлекеттик органдардын иши
1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары,
прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Кон- ституциясынын, ушул Кодекстин жана мыйзамдардын талаптарынын так сакта- лышын камсыз кылат.
2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күн соттор, прокуратура ор-
гандары, ички иштер органдары, ошондой эле турак-жай фондун пайдалануу боюнча уюмдар үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнөн мурдагы күн жумушчу күн болуп сана- лат.
3. Ички иштер органдары жана турак-жай фондун пайдалануу боюнча
уюмдар шайлоо комиссиялары талап кылган төмөнкү маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө милдеттүү:
1) шайлоо участкасынын аймагында, ошондой эле добуш берүү үчүн
жайда добуш берүүнү өткөрүү учурунда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча;
2) шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча;
3) шайлоо комиссияларынын ишинде добуш берүү күнү пайда болгон
башка маселелер боюнча.
4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын,
шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин талаптарын, шайлоого тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) про- куратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко даттанылышы мүм- күн. Тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлер, саясый партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсизди- гине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз же даттануу жүйөлүү бо- луп жана ал негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
5. Тийиштүү округдун шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясый пар-
тиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоо- нун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары же даттануулары прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз же даттануу келип түшкөн учурдан баштап эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшсө - дароо каралууга тийиш. Шайлоону даярдоонун жүрү- шүндө келип түшкөн арыздарда же даттанууларда камтылган фактылар кошум- ча текшерүүнү талап кыла турган болсо, алар боюнча чечим үч күндүк мөө- нөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз же даттануу боюнча кабыл алын- ган чечимдин көчүрмөсүн прокуратура органдары, ички иштер органдары тийиштүү шайлоо комиссиясына дароо жөнөтөт.
6. Арызды же даттанууларды кароодон баш тартылган учурда, прокура-
тура органдары, ички иштер органдары бир сутканын ичинде баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн берет.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>