Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
тартиби
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолук абалы же
майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шай- лоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлө- рүндө, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда жүргөн шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо жайгаш- кан жерлерде, алыскы жайыт мал чарбачылык участкаларында убактылуу жа- шаган шайлоочулар, ошондой эле өзгөчө учурларда, тиешелүү шайлоо комис- сиясынын чечими боюнча, добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочо, алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыла- ры, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашуу орду боюнча кирген шайлоо округунун аймагында туруктуу жашаса, өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү- чү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга мил- деттүү.
2. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнү гана
жана шайлоочунун добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүү мүмкүн- чүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзү- лөт. Арыз (кайрылуу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18ден ке- чиктирбестен берилүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясы бардык бе- рилген арыздарды (кайрылууларды) атайын тизмеге каттайт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүүчү жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шай- лоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоо- до ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган комис- сиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн колу коюлат.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер
зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү до- буш укугу бар кеминде эки мүчөсү жүргүзөт, алар зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде до- буш берүү талапкерлердин, саясый партиялардын кеминде эки өкүлүнүн же байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт.
4. Комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенде кайрылууну шайлоочу-
нун жазуу жүзүндөгү арызы менен ырастайт. Жазуу жүзүндөгү арызында шай- лоочу өз паспортунун же ким экендигин тастыктаган документинин сериясы менен номерин жазат жана шайлоо бюллетенин алгандыгын өз колтамгасы ме- нен ырастайт. Комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү арызга өз колдорун коюу менен шайлоо бюллетенин бергендигинин фактысын тастык- тайт.
5. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын орунда толтурат, ал жерде
башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт. Атайын орун шайлоо бюллете- нин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эркбилдирүүсүнүн купуялыгын жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жа- на байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.
6. Добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн
түзүү жөнүндө арыз (кайрылуу) берген шайлоочу шайлоо комиссиясынын до- буш берүүчү жайына ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү үчүн кеткенден кийин келип калган учурда шайлоо комиссиясынын тийиштүү мүчөсү добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүүнү уюштуруп жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра келмейинче жана бул шайлоочунун добуш бе- рүү жайынан сырткары жерде добуш бербегендиги аныкталмайынча, ага шай- лоо комиссиясынын добуш берүүчү жайында шайлоо бюллетенин берүүгө укугу жок.
7. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочунун
паспортунун же ким экендигин тастыктаган документинин сериясы жана но- мери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилет жана ошол эле учурда шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү графага "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берди" деген белги коюлат.
VIII глава Шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>