Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Шайлоо участкаларын түзүү
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо-
чуларга мүмкүн болушунча көбүрөөк ыњгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участкалары тү- зүлөт.
2. Шайлоо участкалары тийиштүү округдук шайлоо комиссиялары тара-
бынан шайлоо күнүнө кеминде 40 календарлык күн калганга чейин ар бир участкада 2500 шайлоочудан ашпаган эсеп менен түзүлөт. Шайлоо округда- рынын чегараларын участкалардын чегаралары кесип өтүшүнө жол берилбейт.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде,
санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, алыскы жана барууга кыйын райондор- до, алыскы мал-чарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убак- тылуу кармоо изоляторлорунда болгон шайлоочулар, эгерде алар өздөрү убактылуу турган жерлер жайгашкан орду боюнча шайлоо округдарынын айма- гында туруктуу жашаса, ушул Кодекстин 42-беренесинде белгиленген тар- типте өзү убактылуу жүргөн жерде добуш берет. Аталган шайлоочуларды белгилүү шайлоо участкасына таандык кылуунун тартиби тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
4. Аскер кызматчылары жалпы шайлоо участкаларында добуш беришет.
Обочо жерде, калктуу пункттардан алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө ас- кер кызматчыларына ушул Кодекстин 42-беренесинде белгиленген тартипте өзгөчөлүк тартибинде добуш берүүгө жол берилет. Аталган шайлоочуларды белгилүү шайлоо участкасына таандык кылуунун тартиби тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
5. Президентти жана Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоодо чет
мамлекеттердин аймагында турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт. Шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары чогуу жашаган, жүргөн жерлерде түзүлөт. Ушул берененин 2-пунктунда көр- сөтүлгөн шайлоочулардын саны жөнүндөгү талап Кыргыз Республикасынын ай- магынан тышкары жерлерде шайлоо участкаларын түзүүдө колдонулбашы мүм- күн.
6. Шайлоо участкаларынын тизмелери алардын чегараларын жана дарек-
терин көрсөтүү менен алар түзүлгөн күндөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбей тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланат.
IV глава Шайлоочулардын тизмелери
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>