73-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жо-
горку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
2. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин ченемдик-укуктук
актыларынын, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;
2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз
кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ча- раларды жүзөгө ашырат;
3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү
камсыз кылат;
4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењешке сунуш-
тайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин атка- рылышы жөнүндө Жогорку Кењешке отчет берет;
5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекет-
тик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктү-
рүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун
бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
8) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык
түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
9) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кы-
лат;
10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
11) Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзү-
нө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Өкмөттүн ишин анын Аппараты камсыз кылат, аларды уюштуруу жана
иштөө тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>