Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
70-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Эгерде Жогорку Кењештин депутаттарынын мандаттарынын 50дөн
ашуун пайызын алган саясий партиядан шайланган депутаттар Премьер-ми- нистрдин кызмат ордуна талапкерди киргизбесе же дайындалган Премьер-ми- нистр Жогорку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн түзүмүн киргизбесе, же Өк- мөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди сунуштабаса, ошондой эле мындай партия жок болсо, Президент башка партиядан шайланган депу- таттарга беш жумушчу күндүн ичинде депутаттардын коалициялык көпчүлүгүн түзүү жолу менен Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди киргизүүнү тапшырат.
2. Эгерде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди киргизүү
тапшырылган саясий партиянын депутаттары Премьер-министрдин кызмат ор- дуна талапкерди киргизбесе же Премьер-министр ушул Конституциянын 69-беренесинин 2-пунктунда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жогор- ку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн түзүмүн киргизбесе жана Өкмөт мүчөлө- рүнүн кызмат ордуна талапкерлерди сунуштабаса, анда Президент башка партиядан шайланган депутаттарга Премьер-министрдин кызмат ордуна депу- таттардын коалициялык көпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкерди көрсөтүүнү тапшырат.
3. Эгерде ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн саясий партиядан
шайланган депутаттар да Президентке Премьер-министрдин кызматына талап- керди киргизбесе же Премьер-министр ушул берененин 2-пунктунда белги- ленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жогорку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн түзүмүн киргизбесе жана Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкер- лерди сунуштабаса, анда Президент үчүнчү саясий партиядан шайланган де- путаттарга Премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттардын коалициялык көпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкерди киргизүүнү тапшырат.
4. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө
Президентке Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер киргизилбесе, ан- да Президент Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү дайын- дап, Өкмөттү түзөт. Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт ушул Конституци- яда каралган тартипте Жогорку Кењештин жањы чакырылышында көрсөтүлгөн саясий партиялардан шайланган депутаттар Өкмөттү түзгөнгө чейин иштейт.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>