60-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Жогорку Кењеш өз курамынан Жогорку Кењештин Төрагасын жана анын
орунбасарларын шайлайт.
2. Жогорку Кењештин Төрагасы:
1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-
го жалпы жетекчилик кылат;
3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкаркы жерлерде Жогорку Ке-
њештин атынан чыгат, Жогорку Кењештин Президент, Өкмөт, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өзара байланышын камсыз кылат;
5) Жогорку Кењештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашы-
рат жана контролдук кылат;
6) Жогорку Кењештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кењештин Регла-
ментинде ага жүктөлгөн дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы
санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет жана Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
4. Жогорку Кењештин Төрагасынын орунбасарлары жашыруун добуш берүү
менен шайланат, Төраганын тапшырмасы боюнча анын айрым милдеттерин ат- карат жана Төрага жок учурда аны алмаштырат. Жогорку Кењештин Төрагасы- нын орунбасарлары Жогорку Кењештин Регламентинде каралган тартипте кай- ра чакыртып алынат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-60" title="60-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>