51-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Президент мамлекеттик чыккынчылык же башка өзгөчө оор кылмыш
жасагандыгы үчүн Жогорку Кењеш тарабынан коюлган Президенттин аракетте- ринде кылмыштын белгиси бар экендиги жөнүндө Башкы прокуратуранын кору- тундусу жана айып коюуунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун корутундусу менен ырасталган күнөөнүн негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.
2. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүн-
дө Жогорку Кењештин чечими Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы саны- нын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча депутаттардын кеминде үчтөн экисинин добушу менен жана Жогорку Кењеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо кабыл алынууга тийиш.
3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кењештин чечими
Жогорку Кењеш күнөө койгон күндөн тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирил- бестен Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш. Эгерде ушул мөөнөттө Жогорку Кењештин чечими кабыл алынбаса, күнөө коюу четке кагылды деп эсептелинет.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-51" title="51-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>