46-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Президент:
1) ушул Конституцияда аныкталган тартипте Премьер-министрди жана
Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт;
2) Премьер-министрдин, Өкмөттүн же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан
кетүү жөнүндө өтүнүчүн кабыл алат; Премьер-министрдин же Өкмөттүн кыз- маттан кетүү жөнүндө чечимин кабыла алат;
3) өзүнүн демилгеси менен же Премьер-министрдин сунушу боюнча Өк-
мөт мүчөсүн бошотот;
4) Премьер-министрдин сунушу боюнча администрациялык ведомстволор-
дун, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт; өз де- милгеси боюнча же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу бо- юнча администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдары- нын жетекчилерин кызматтан бошотууга укуктуу;
5) Премьер-министр менен кењешкенден кийин жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
6) Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укук-
тарын аныктайт; өзүнүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрация- сын түзөт;
7) Коопсуздук кењешин жана башка координациялоочу органдарды түзөт
жана башчылык кылат;
8) өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гварди-
яны түзөт;
9) Президентке тикелей баш ийген жана отчет берген мамлекеттик ор-
гандарды түзөт, жоет жана кайра уюштурат, алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн
шарттарын аныктайт.
2. Президент:
1) Конституциялык соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо үчүн
талапкерлерди Жогорку Кењешке сунуш кылат;
2) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењештин сунушу боюнча Жо-
горку соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлерди Жо- горку Кењешке сунуш киргизет;
3) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењештин сунушу боюнча
жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот;
4) Жогорку Кењештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт,
Башкы прокурордун сунушу боюнча Башкы прокурордун орунбасарларын дайын- дайт; аларды кызматтан бошотот;
5) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкер-
ди Жогорку Кењешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орунбасарларын жана башкармасынын мүчөлөрүн дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
6) Жогорку Кењештин макулдугу менен Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиянын төрагасын дайындайт; Шайлоо жана референ- дум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын жарымын дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
7) Эсептөө палатасынын төрагасын жана аудиторлорун шайлоо жана
кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кењешке сунуш киргизет;
3. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жетекчиликти жүзөгө ашы-
рат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эларалык ке-
лишимдерине кол коет;
3) ратификациялоо грамоталарына кол коет;
4) Жогорку Кењештин тийиштүү комитети менен кењешкенден кийин Кыр-
гыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эларалык уюмдардагы дипло- матиялык өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекет- тердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана эларалык уюм- дардын өкүлдөрүнүн ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан
чыгаруу, саясий башбаанек берүү маселелерин чечет.
4. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарат;
3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык
чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
4) ырайым кылат.
5. Президент:
1) Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун киргизет;
2) мыйзамдарга кол коет жана аларды элге жарыялайт; өзүнүн каршы
пикирлери менен аларды Жогорку Кењешке кайтарып берет;
3) өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндөгү ар жылдык билдирүүлөр менен
Кыргызстандын элине кайрылат, алар Жогорку Кењештин жыйналышында оку- лат.
4) өкмөттүн жана башка аткаруу бийлик органдарынын ченемдик-укук-
тук актыларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.
6. Президент:
1) Жогорку Кењештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга жана ка-
рала турган маселелерди аныктоого укуктуу;
2) өз демилгеси менен референдум дайындайт; кеминде 300 мињ шайло-
очунун, Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн де- милгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
3) Ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кењешке шайлоону
дайындайт;
4) жергиликтүү кењештерге шайлоону дайындайт; мыйзамда каралган
учурларда жергиликтүү кењештерди таркатат.
7. Президент конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон
учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми за- рыл болгон учурда аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп кирги- зет, бул жөнүндө Жогорку Кењешке токтоосуз билдирет.
8. Президент жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;
Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кењештин кароосуна киргизет; өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо таламдарында аскер абалын жарыялайт жана бул масе- лени Жогорку Кењештин кароосуна токтоосуз киргизет.
9. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол-
башчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жо- горку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот.
10. Президент коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер
маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат, Премьер-министрдин сунушу боюнча алар жөнүндө жобону бекитет; алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орунбасарларын дайындайт жана бошотот.
11. Президент ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы
башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>