4-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципал-
дык жана башка түрлөрү таанылат жана корголот. Кыргыз Республикасы менчиктин ар кандай түрлөрүн жана алардын тењ укукта корголушун кепилдикке алат.
2. Менчик колтийгис. Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт,
менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттин муктаждыктары
үчүн мүлк анын ордун алдын ала жана ага тете толтуруу жүргүзүлгөн шарт- та гана ажыратылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын
мүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында турган алардын жана өз менчигин коргойт.
5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору,
өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жа- шоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Жер жана башка жаратылыш ресурстары да менчиктин жеке, муниципал- дык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн. Жер жана жаратылыш ресурстарынын ээлеринин өз укуктарын ишке ашы- руунун жана аларды коргоо кепилдигинин чектери жана тартиби мыйзам ме- нен аныкталат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>