21-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары биригүү эркиндигине укуктуу.
2. Жарандардын бирикмелерине аскерлешкен түзүлүштөрдү түзүүгө тыюу
салынат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын бирикмелери ушул Кон-
ституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынгандан жана чектөө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу.
4. Жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагы
укук бузууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка- руу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети.
5. Кыргыз Республикасы өзүнүн жарандарынын ушул Конституция жана
мыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндиктерин жана укуктарын сот ар- кылуу корголушуна кепилдик берет.
6. Жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардык
жарандарга бирдей колдонулууга жана ушул Конституцияда жана жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарда каралган учурларды кошпогон- до, алардын бирине да эч кандай артыкчылыктарды жана жењилдиктерди бер- бөөгө тийиш.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>