15-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Эч ким соттун чечими болмоюнча кармалып же убактылуу камакка
алынбайт, ал мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте гана жүргүзүлөт.
2. Ар бир кармалган адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө
чейин анын кармалышынын мыйзамдуу экендиги жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко алып келинүүгө тийиш.
3. Кармалган ар бири адамга кармоонун кармоонун жүйөлөрү тез арада
билдирилүүгө, анын укуктары түшүндүрүлүүгө жана кармалган учурдан тар- тып өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын укуктук жардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.
4. Ар бир адамга анын эркиндигин жана укуктарын соттук коргоого
кепилдик берилет. Эл алдында же башка жол менен ар кандай күнөө коюлганда ар бир адам өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин жана өз укукта- рын сотто коргоого укуктуу. Кандай гана жагдайларда болбосун, мындай соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт.
5. Жазык иши боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далил-
дөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экендиги далилденбеген шектенүүлөр айып- талуучунун пайдасына чечмеленет. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө өтүүгө милдеттүү эмес, алардын чөйрөсү мыйзам менен аныкталат. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка да учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Жазык жана администрациялык иштер боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер таанылбайт жана сот өндүрү- шүндө пайдаланылбайт.
6. Мыйзамда каралган учурларда ар бир адам сот арачыларынын каты-
шуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.
7. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайын-
ча ар бир адам кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп эсептелинбейт.
8. Соттун өкүмү чыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчили-
гине жүктөлгөн бардык аракеттерге жол берилбейт жана сот аркылуу мате- риалдык жана моралдык жапа чеккендигинин ордун толтуруу үчүн негиз бо- луп саналат.
9. Эч ким өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизин-
де гана соттолушу мүмкүн эмес.
10. Жазыктык кылмыш үчүн соттолгон ар бир адам мыйзамда белгилен-
ген тартипте өкүмдүн жогору турган сот баскычтарында кайра каралышына, ошондой эле ырайым кылууну же жазаны жењилдетүүнү өтүнүүгө укуктуу.
11. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким эки жолу юридикалык жооп-
керчиликке тартылууга тийиш эмес.
12. Жазык мыйзамын окшоштук боюнча колдонулбайт.
13. Адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оордоткон мыйзам өткөн
мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурда укук бузуу катары тааныл- баган аракеттер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгер- де укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жењилдетилсе, жањы мыйзам колдонулат.
14. Кылмыштан жана бийликти кыянат пайдалануудан жабыркагандардын
укуктары мыйзам менен корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пай- далануусун жана келтирилген зыяндын же чыгашанын ордун толтуруп алуусун камсыз кылат.
15. Ар бир адам эларалык сотторго кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>