18-статья. Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик
Күчүн жоготкон · 09.07.2014 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 июля 2014 года № 118.
инспекторлордун укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери - метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлор ишке ашырышат. Тийиштүү аймакта мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу мамлекеттик инспекторлор белгиленген ченемдик укуктук актылардын тартибинде төмөнкү укуктарга ээ: ченөө каражаттары пайдаланылып, чыгарылып, оңдолуп, сатылып жаткан, кармалган же сакталган объекттердин баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ошол объекттерге барууга; колдонууга жол берилген пайдаланылуучу чоңдук бирдиктеринин шайкештигин текшерүүгө; ченөө каражаттарынын абалын жана алардын колдонулуш шарттарын текшерүүгө; техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө; соода операцияларын жүргүзүүдө бөлүнгөн товарлардын санын текшерүүгө; мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн продукциялардын жана товарлардын үлгүлөрүн, ошондой эле ар түрдөгү таңгактагы фасовкаланган товарларды ылгап алууга; мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынган объектинин техникалык каражаттарын пайдаланууга жапа персоналын ишке тартууга; бекитилбеген типтеги, ошондой эле текшерилбеген жана бузук ченөө каражаттарын колдонууга тыюу салууга; керек учурда ченөө каражаттарын колдонуудан алып салууга. Мамлекеттик инспектор төмөндөгүлөргө милдеттүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамын, ошондой эле ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын катуу сактоого; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдүн талаптарын бузуунун алдын алууга жана токтотууга; мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча иш чараларды жүргүзүү жана тариздөө тартибин сактоого; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуулар табылганда: милдеттүү көрсөтмө берүүгө жана бузуулардын оңдоо мөөнөттөрүн белгилөөгө; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуунун кесепетин четтетүүгө карата текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чара көрүүгө; Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда метрологиялык эрежелерди жана нормаларды бузгандыгы жөнүндө материалдарды сот жана тергөө органдарына жиберүүгө. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчиси жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагында ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн административдик чара көрүүгө укуктуу.
Берененин тексти 09.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202183/st-18" title="18-статья - Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>