17-статья. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
Күчүн жоготкон · 09.07.2014 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 июля 2014 года № 118.
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө төмөндөгүлөргө ишке ашырылат: ченөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонуусуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана нормалардын талаптарынын сакталышына; салмактын, көлөмдүн, чыгымдын же башка чоңдуктун жана бул товарлардын сатылган санына ылайык чыныгы маанисин аныктоо максатында соода операцияларын бүткөрүүдө бөлүнгөн товарлардын санына; таңгактагы фасовкаланган товарлардын кандай гана түрлөрүнүн саны аларды расфасовкалоодо, сатууда жана импорттоодо таңгакта камтылгандары аны ачмайын же деформацияламайын өзгөртүлүшү мүмкүн эмес, ал эми таңгакта камтылган товарлардын санын көрсөткөн салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же башка Чоңдуктар болсо таңгакта белгиленгенин көрсөтүлгөн. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы ишке ашырат. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 09.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202183/st-17" title="17-статья - Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>