9-статья. Репродуктивдик тандап алууга болгон укук
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандар никеде турганда же никеден тышкары канча балалуу болушу жана алардын качан төрөлүшү жана эне менен баланын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон төрөттөрдүн ортосундагы аралыктар жагында эркин жана жоопкерчилик менен чечим кабыл алуу укугуна ээ. Мамлекет жарандардын репродуктивдик эркин тандап алуу укугун ишке ашыруусуна кийлигишпөө кепилдигин берет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү. Жарандар өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын жасаган аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн репродуктивдүү укуктарын коргоого укуктуу.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-9" title="9-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>