10-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандар жынысына жана жаш курагына карабастан репродуктивдик ден соолугун пайдалануунун бардык түрлөрүнөн, атап айтканда, сексти пайдалануудан, сойкулуктан жана күчкө салуу коркунучунан коргонууга укуктуу. Жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук жана ээн-эркин билдирген макулдугусуз репродуктивдик ден соолук менен байланышкан медициналык эксперименттерге кириптер болууга тийиш эмес. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолук менен байланышкан медициналык эксперименттерге катышуусуна балдардын жана өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн, ата-энелеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен гана жол берилет. Улуттук каада-салттар, үрп-адаттар жана башка психологиялык факторлор жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо, репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча тийиштүү кызматтарга кайрылуу укугун чектөөгө тийиш эмес.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-10" title="10-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>