5-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүдөй кепилдиктерди берет:
- Кыргыз Республикасынын демографиялык жактан өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууга, кабыл алууга жана каржылоого;
- жарандардын репродуктивдик саламаттык сактоо стандарттарын иштеп чыгууга жана аткарууга;
- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, алардын репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап методдор менен технологияларды киргизүүгө;
- репродуктивдик саламаттык сактоо жагынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө;
- мамлекеттик программалардын чегинде юридикалык, социалдык, маалымат-методикалык жактан колдоо көрсөтүүлөрдү камсыз кылууга;
- репродуктивдик ден соолукту сактоо жагынан менчиктин бардык түрүндөгү кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн акниет атаандаштыктын бирдей шарттарын түзүүгө;
- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну көзөмөлдөөнү жана координациялоону жүзөгө ашырууга;
- репродуктивдик саламаттык сактоо боюнча кепилдик берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүүгө.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-5" title="5-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>