4-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө багытталган:
- үй-бүлө институтун ар тараптан чыңдоого;
- балдардын төрөлүшү үчүн ата-энелерде жоопкерчилик сезимин тарбиялоо жолу менен ден соолугу таза, эңсеген балдардын төрөлүшүнө жарандардын аң-сезимдүү мамиле кылуусун калыптандырууга;
- жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;
- үй-бүлөлүк милдеттерди тандап алууда жана ишке ашырууда ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин камсыз кылган жана артыкчылыктарын, улуттук жакшы каада-салттарды сактаган гендердик өнүгүүнү кеңири киргизүүгө жана жигердүү жайылтууга.
Кыргыз Республикасында жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:
- репродуктивдик укуктарын ишке ашырган учурдагы адам укуктарынын сакталышынын артыкчылыгы;
- репродуктивдик көйгөйлөрдү чечкен учурдагы гумандуулук, сый мамиле жасоо, маалыматтын купуялуулугу;
- репродуктивдик саламаттык сактоону уюштуруунун бардык баскычтарындагы медициналык - санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;
- мамлекеттик программалардын Кыргызстандагы демографиялык өнүгүүнү жакшыртууга багыт алышы болуп саналат.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-4" title="4-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>