1-статья
Күчүндө · 10.08.2007 редакциясы
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркинтоо" газетасы, 1997-ж., 12-февраль, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жа-
на өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын жалпы тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу энергетика боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "энерге-
тика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмө-
лөрдө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен то-
лукталсын:
"Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган - энергетика тармагындагы
мамилелерди жөнгө салуучу жана контролду ишке ашыруучу Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин орга-
ны.".
3. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши электр энергетика тармагын
мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Программасын бекитет жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Улуттук энергетика програм-
масын жактырат.".
4. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "агентство" деген сөз "ошол орган"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 11-статьядагы "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны"
деген сөздөр алынып салынсын.
Берененин тексти 10.08.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202180/st-1" title="1-статья - Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>