Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
Бишкек шаары
2007-жылдын 10-августу № 146
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркинтоо" газетасы, 1997-ж., 12-февраль, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жа-
на өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын жалпы тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу энергетика боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "энерге-
тика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмө-
лөрдө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен то-
лукталсын:
"Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган - энергетика тармагындагы
мамилелерди жөнгө салуучу жана контролду ишке ашыруучу Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин орга-
ны.".
3. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши электр энергетика тармагын
мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Программасын бекитет жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Улуттук энергетика програм-
масын жактырат.".
4. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "агентство" деген сөз "ошол орган"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 11-статьядагы "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны"
деген сөздөр алынып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
Шилтеме берет (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8