5-статья. Фонддун функциялары жана ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 ноября 2009 года № 291
1. Өнүктүрүү фондунун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) долбоорлорду тандоо жана каржылоо, анын ичинде долбоорлорду
турмушка ашыруучу юридикалык жактардын ишине катышуу;
2) Фонддун ички актыларына ылайык каржылоого сунуш кылынган дол-
боорлорго баа берүү;
3) долбоорлорду турмушка ашыруу үчүн катышуучу-банктарды жана юри-
дикалык жактарды тандоо;
4) Фонд тарабынан каржылануучу долбоорлорду турмушка ашырууга мо-
ниторинг жүргүзүү;
5) катышуучу-банктардын жана долбоорлорду турмушка ашыруучу юриди-
калык жактардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу боюнча ча- раларды көрүү;
6) ар түрдүү булактардан зайымдарды тартуу жана аларды тындыруу;
7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөрдө анын агенти катары мамлекеттин
чыгышы;
8) Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновация-
лар боюнча борбордук Агенттигине консультациялык, эксперттик жана ана- литикалык кызматтарды акысыз негизде көрсөтүшү.
2. Фондго өз иштерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктар
берилет:
1) Фонддун Директорлор кењеши тарабынан бекитилүүчү ички ченемдик
актыларга ылайык финансы жылына өзүнүн кредиттик саясатын жүзөгө ашы- руу;
2) долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо;
3) банк экспертизасына баа берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн эксперттер
менен консультанттарды ишке тартуу;
4) займ каражаттарын, анын ичинде тиешелүү жылга республикалык
бюджет жөнүндөгү мыйзамга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджет- терден каражаттарды тартуу;
5) Фонддун ички актыларында аныкталган чектерде жана тартипте ички
жана тышкы рыноктордогу жогорку ликвиддүү финансы аспаптарын, заемду кошо алганда, бош каражаттарды жайгаштыруу;
6) ата мекендик жана четөлкөлүк банктардын жана башка финансы инс-
титуттарынын катышуусу менен карыз алуунун уюштуруучусу жана катышуучу- су катары чыгуу;
7) мамлекетке таандык акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу.
(КР 2009-жылдын 11-майындагы № 152, 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 291,2009-жылдын 5-ноябрындагы № 292 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 ноября 2009 года № 291 "О внесении изменения и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 ноября 2009 года № 292 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Фонде развития Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 мая 2009 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202168/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>