Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомуна төмөндөгү акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 2-февралы № 27-б "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомун жана алтын казуу тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна төмөндөгү акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин, алар:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (мамлекеттик үлүш - 79,05%);
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мамлекеттик үлүш - 100%).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун ортосундагы Акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруу келишимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндөЗакон · 06.08.2007 · № 135 · Күчүн жоготкон