Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Адмнистрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-07-31.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 31-июлу № 130
Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья. Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 614-статьяда: экинчи абзацтын 3-пунктундагы "республикалык бюджетине" деген сөздөр "республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Кодекске ылайык алынган айыптардын суммасынын өлчөмүнүн 50% республикалык бюджетке жана 50% жергиликтүү бюджетке чегерилет."; үчүнчү жана төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша төртүнчү жана бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
2007-жылдын 25-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон