1-статья
Күчүн жоготкон · 31.07.2007 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 августа 2008 года № 182.
1. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы бар
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн
төлөөчүлөргө жана 2007-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүм-
дөрү боюнча утурумдук төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөө-
чүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбө-
гөндүгү үчүн финансы санкциялары жана туумдар төмөнкүдөй көлөмдөрдө жа-
на учурларда жоюлат:
1) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 100
пайызы - 2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүм-
дөрү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;
2) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 50 пай-
ызы - 2007-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдө-
рү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;
3) бириккен дыйкан чарбаларынан, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра
иштетүүчү ишканалардан финансы санкциялары жана туумдар 2008-жылдын
1-январына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги ка-
рыздарын толук төлөгөн учурда 100 пайыз көлөмүндө жоюлат.
2. 2007-жылдын 1-январына карата карызы бар камсыздандыруу төгүм-
дөрүн төлөөчүлөргө кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туум-
дардын 30 пайызын 2007-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөн шартта гана финан-
сы санкцияларынын жана туумдардын калган бөлүгү жоюлат.
3. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча карызы бар жана
2007-жылдын утурумдук төлөмдөрү боюнча карыздын түзүлүшүнө жол берген
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн
төлөөчүлөргө ушул статьянын 1-пунктунун жобосу 2007-жыл үчүн камсыздан-
дыруу төгүмдөрүн, финансы санкцияларын жана туумдарды толук төлөгөн
учурда гана колдонулат.
Берененин тексти 31.07.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202156/st-1" title="1-статья - Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>