Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 4 августа 2008 года № 182 "Об освобождении плательщиков страховых взносов от уплаты финансовых санкций и пени, начисленных за несвоевременную и (или) неполную уплату страховых взносов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-07-31.
Бишкек шаары
2007-жылдын 31-июлу №123
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же)
толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы
санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу
жөнүндө
2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы мамлекеттик социалдык камсыз-
дандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансы-эконо-
микалык абалын турукташтырууга жана колдоого, алардын өткөн жылдардагы
камсыздандыруу акылары боюнча карыздарын алда канча толугураак тындыру-
уга, утурумдук төлөмдөрдү өз убагында төлөгөнгө кызыгуусуна дем
берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети-
нин тењ салмактуулугун жакшыртууга багытталган.
1-статья.
1. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы бар
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн
төлөөчүлөргө жана 2007-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүм-
дөрү боюнча утурумдук төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөө-
чүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбө-
гөндүгү үчүн финансы санкциялары жана туумдар төмөнкүдөй көлөмдөрдө жа-
на учурларда жоюлат:
1) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 100
пайызы - 2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүм-
дөрү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;
2) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 50 пай-
ызы - 2007-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдө-
рү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;
3) бириккен дыйкан чарбаларынан, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра
иштетүүчү ишканалардан финансы санкциялары жана туумдар 2008-жылдын
1-январына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги ка-
рыздарын толук төлөгөн учурда 100 пайыз көлөмүндө жоюлат.
2. 2007-жылдын 1-январына карата карызы бар камсыздандыруу төгүм-
дөрүн төлөөчүлөргө кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туум-
дардын 30 пайызын 2007-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөн шартта гана финан-
сы санкцияларынын жана туумдардын калган бөлүгү жоюлат.
3. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча карызы бар жана
2007-жылдын утурумдук төлөмдөрү боюнча карыздын түзүлүшүнө жол берген
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн
төлөөчүлөргө ушул статьянын 1-пунктунун жобосу 2007-жыл үчүн камсыздан-
дыруу төгүмдөрүн, финансы санкцияларын жана туумдарды толук төлөгөн
учурда гана колдонулат.
2-статья.
1. Укук мураскорлугунун тартибинде укуктарын жана милдеттерин баш-
ка жактарга өткөрүп бербестен өзүн-өзү жоюп жиберген ишканалардын, ме-
кемелердин, колхоз/совхоздордун финансы санкциялары жана туумдары боюн-
ча түњүлткөн дебитордук карыздары жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карыздарын төлөбөстөн
кудуретсиздик процессинин жол-жобосун аяктаган камсыздандыруу төгүмдө-
рүн төлөөчүлөрдүн финансы санкциялары жана туумдары боюнча түњүлткөн
дебитордук карыздары жоюлсун.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана
2007-жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 537-IV ""Камсыздандыруу төлөмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошулган финансылык санкциялар жана туумдардан…Постановление · 20.06.2008 · № 537-IV
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке освобождения плательщиков страховых взносов от уплаты финансовых санкций и пени, начисленных за несвоевременную и/или неполную уплату страховых взносов…Положение · 10.08.2007 · № 90-а · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.