2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) этил спирти - азыктык же азыктык эмес чийки заттан өндүрүлгөн
спирт, анын ичинде денатураланган этил спирти; этил спиртинин негизги фракциясы (спирт өндүрүшүнүн калдыктары) жана спирт - чийки заты;
2) денатураланган этил спирти (денатурат) - ушул Мыйзамда каралган
концентрацияда денатураланган заттарды камтыган этил спирти;
3) спирттүү продукция - этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн
1,5 пайызынан ашкан азык же азык эмес продукция;
4) спирттүү азыктык продукция - этил спирти бар, чийки азык заттан
жасалган, даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан тамак-аш про- дукциясы (анын ичинде шарап материалдар, бардык эритиндилер, эмульсия- лар, суспензиялар, жүзүмдөн, мөмө-жемиштен жасалган дистилляттар (спирттүү чийки зат), коньяктын, кальвадостун, вискинин дистилляттары) (алкогол продукциядан башкалар);
5) спирттүү азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирттүү башка
продукцияны же этил спиртинин өндүрүшүнүн спирттүү калдыктарын пайдала- нып жасалган, этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан аш- кан азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирттүү продук- ция, спирттүү парфюмериялык-косметикалык продукция, бардык эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар);
6) денатураланган спирттүү продукция - ушул Мыйзамда каралган де-
натураланган заттардын концентрациясын камтыган спирттүү азыктык эмес продукция;
7) алкогол продукциясы - азыктык чийки заттан жасалган этил спир-
тин жана (же) этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан аш- кан спирттүү азыктык продукцияны пайдаланып өндүрүлгөн спирттүү азыктык продукция. Алкогол продукциясы ичүүчү этил спирти, спирттүү ичимдиктер (анын ичинде арак), шарап (анын ичинде натуралай шарап) сыяктуу түрлөр- гө бөлүнөт.
8) ичүүчү этил спирти - азыктык чийки заттан жасалып, этил спирти
даяр продукциянын көлөмүнүн 95 пайызынан ашкан жана жумшартылган суу кошулган ректификацияланган этил спирти;
9) спирт ичимдиктери - азыктык чийки заттан этил спиртин пайдала-
нып өндүрүлгөн жана (же) спирттүү азыктык продукциядан жасалган алкогол продукциясы; бул ичүүчү этил спиртине жана шарапка кирбейт;
10) суусуз (жүз пайыздуу) спирт - эсеп-кысапта колдонулуучу шарт-
туу түшүнүк;
11) этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү ушун-
дай - продукциянын сатуу жана киреше алуу, ошондой эле жеке муктаждык- тар үчүн жасалышы;
12) жүгүртүү - сатып алуу (анын ичинде импорт), берүү (анын ичинде
экспорт), сактоо жана чекене сатуу;
13) билдирүү - этил спиртин (анын ичинде денатуратты) жана даяр
продукциянын көлөмүнүн 60 пайызынан ашуун этил спирти бар идиштерге ку- юла элек спирттүү продукцияны сатып алгандыкты (мунун ичинде жеке мук- таждык үчүн), берип турууну ырастоочу документ, анын болушу аталган продукцияны сатып алуучу, берүүчү уюмдар үчүн милдеттүү болот.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-2" title="2-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>