Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 13.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 октября 2009 года № 269.
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкогол жана
спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн укуктук негиздерин белгилейт. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын эко- номикалык кызыкчылыктарын коргоого, көрсөтүлгөн продукция менен керек- төөчүлөрдүн муктаждыктарын камсыздоого, ошондой эле анын сапатын жого- рулатууга жана жөнгө салынчу тармакта мыйзамдардын, нормалардын жана эрежелердин сакталышын контролдоого арналган.
2. Бул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин
формасына карабастан ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга жооп берүүчү юридикалык жактар (уюмдар), ошондой эле алкогол жана спирттүү продукцияны чекене сатуу боюнча ишкердик жүргүзүшкөн жарандар катышуучу болгон мамилелерге карата жайылтылат.
3. Бул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
этил спирттүү продукцияны сатуу максатын көздөбөстөн чыгаруучу жа- рандардын (жеке адамдардын) иш-аракетине; аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Дары каражаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген этил спирттүү дары, да- рылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюм- дарды чыгарууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле аткаруучу бийликтин ыйга- рым укуктуу органдарында каттоодон өткөн дарыкана мекемелеринин, дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жекече рецепттер боюнча жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык башка продукцияны жа- соого байланышкан уюмдардын ишине; этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 процентинен аш- паган, шарап материалдардан этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.
Берененин тексти 13.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202131/st-1" title="1-статья - Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>