4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июня 2016 года № 95
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, өнүктүрүүгө жана пропагандалоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;
3) донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгуу жана донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү тартибин бекитет;
4) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды бекитет;
5) донорду медициналык текшерүүнүн тартибин бекитет;
6) донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарды белгилөө тутумун бекитет;
7) кандын компоненттеринин жана препараттарынын сапатын контролдоону камсыз кылат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июня 2016 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"Редакцияларды салыштыруу
30.06.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кандын кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы алынып салынды: аткаруу бийлик органдарынын ыйгарым укуктары
алынып салынды: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты алынып салынды: аныктайт жана ишке ашырат;
2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун … иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;
3) алынып салынды: донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгуунун жана донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин бекитет.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органы:
1) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды иштеп чыгат;
3) кандын жана анын компоненттеринин донорлорун мамлекеттик эсепке алууну камсыз кылат;
4) кан кызматынын уюмдарынын жана бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдайт;
5) кандын компоненттеринин жана препараттарынын сапатына контролду жүзөгө ашырат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда донордук канды жана анын компоненттерин берүү пункттарын уюштуруу боюнча жетекчиликти жүзөгө ашырат;
7) донорду медициналык кароодон өткөрүүнүн тартибин аныктайт;
8) донорлорду сыйлоо системасын иштеп чыгат жана бекитет;
9) "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйлайт;
10) донордук кошулду: донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып алынып салынды: чыгууга кошулду: чыгуу жана алынып салынды: донордук кошулду: донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып алынып салынды: келүүгө уруксат берет.кошулду: келүү тартибин бекитет;
4) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды бекитет;
5) донорду медициналык текшерүүнүн тартибин бекитет;
6) донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарды белгилөө тутумун бекитет;
7) кандын компоненттеринин жана препараттарынын сапатын контролдоону камсыз кылат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202129/st-4" title="4-статья - Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>