17-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 октября 2009 года № 284
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттерин заманбап жабдуулар жана технологиялар менен камсыз кылууга, чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо максатында түзүлүүчү сервистик тейлөө түйүндөрүн, өндүрүштүк-технологиялык борборлорду жана инфраструктуранын дагы башка объекттерин түзүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери үчүн адистештирилген жабдууларды жана продукциянын башка түрлөрүн өндүрүү жана жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу боюнча чакан ишкерликтин субъекттеринин продукцияларынын адистештирилген дүң базарларын, жарманкелерин, анын ичинде имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана өндүрүштүк кызматтык жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктү берүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу ишкана, мекеме жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-17" title="17-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>