16-статья. Маалымат чөйрөсүндө чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери алардын натыйжалуу өнүгүшүнө керек болгон экономикалык, укуктук жана башка маалыматтарды алуу максатында жана алардын ортосунда аталган маалымат менен алмашуу максатында тиешелүү маалыматтык инфраструктураны түзүү боюнча чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат. Чакан ишкерликтин субъекттерин маалыматтык тейлөө колдонуудагы мыйзамдарда каралган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине маалыматтык кызмат көрсөтүүчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. Чакан ишкерликти колдоо фонддору чакан ишкерликтин субъекттеринин аларды маалыматтык тейлөө менен байланышкан чыгымдарын толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу. Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары чакан ишкерликтин субъекти менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-16" title="16-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>