3-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 18.03.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 марта 2025 года № 59
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасынын жарандыгы - алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы; башка жарандык - Кыргыз Республикасынын жаранында бир чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгынын болушу; (абзац КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) чет элдин жараны - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далили бар адамдар; жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана анын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттин жарандыгына таандыгы жок адам; жашап турууга укук берүү - чет элдик жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү документ; арыз ээси - ишке жарамдуу, жашы жеткен Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам; Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же токтотуунун жалпы тартиби - жарандык маселелерин кароонун жана ушул Мыйзамда жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби; ыйгарым укуктуу органдар - жарандуулук маселелерин чечүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары; Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби - ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эларалык келишимдерде каралган жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата жарандык маселелерин кароонун жана ал боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алуунун тартиби; балдар - 18 жашка чейинки адамдар; жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын туруктуу жашаган мамлекетинде берилген, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана статусун ырастоочу документ. (КР 2012-жылдын 10-февралындагы № 6, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы №59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2012 года № 6 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики" "Редакцияларды салыштыруу
18.03.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жок адам;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же алынып салынды: жоготуунун кошулду: токтотуунун жалпы тартиби - жарандык маселелерин кароонун жана ушул Мыйзамда … органдары;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же алынып салынды: жоготуунун кошулду: токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби - ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда … 2012-жылдын 10-февралындагы № 6, 2023-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 36 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 36, 2025-жылдын 18-мартындагы №59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 194 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.04.2019 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 264 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 13.05.2013 · № 264 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202103/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>