Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 10-февралы № 6
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьянын он биринчи абзацы "алар боюнча чечимдерди" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 36-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Комиссия айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып он төрт күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырат. Жарандыкты берүү же андан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы ага кол коюлган учурдан тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүдөн же жарандыгынан чыгуудан баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты үч күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөЗакон · 21.05.2007 · № 70
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөЗакон · 21.05.2007 · № 70